Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жаңы директору болуп Алмазбек Осмонов дайындалды

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жаңы директору болуп Алмазбек Осмонов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин аталган кызматты Рустам Садыралиев аркалап келген. Былтыркы жылдын декабрь айында Рустам Садыралиев өз каалоосу менен кызматынан кетүү арызын жазган. Эми анын ордун Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун директорунун орун басары болуп иштеп келген Алмазбек Осмонов ээледи.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев фонддун директорунун кызматтан кетүүсүн жана фонддун кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча комментарий берди.

«Мурунку директор Рустам Садыралиев үй-бүлөлүк абалына байланыштуу кызматынан кетүү боюнча арызын алып келди. Эгерде адам өз каалоосу менен арыз жазып жатса биз ага каршы чыга албайбыз. Ошондуктан биз анын ордуна анын орун басары болгон Алмазбек Осмоновду дайындадык.

Экинчиден, фонддун ишинде көптөгөн тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Алардын бири — фонддун эсепчисинин иши, ал азыр камакта. Фонддун дагы бир подрядчиги боюнча тергөө иш жүрүп жатат, анын жетекчиси азыр үй камагында. Бул фирма Тоң районунда акыркы 4 жылдан бери спорт зал куруп жатат. Тендерде көрсөтүлгөн сумманы бул фирма алган, бирок ага карабай дагы акча каражаты которулган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Эсепчи камакта болсо, фирманын директору үй камагында. Албетте биз тергөө иштерине кийлигише албайбыз. Бирок мындай иштер үчүн мыйзамдын чегинде жазасын алат деп ишебиз», - деди У.Жылкыбаев.

Мындан тышкары, ал подрядчиктер тендер жарыялангандан кийин минималдык акча менен кирип, курулуш иштери жүрүп жатканда кошумча каражат сурашарын белгиледи.

«Азыр алар келишимге ылайык ишти улантып, кошумча каражат сурабашы керек. Мен бул боюнча фонддун жетекчисине көрсөтмө берип, ушул сыяктуу маселелерди алдын ала сүйлөшүүнү тапшырдым. Биз фонддун жетекчиси көпкө иштеп, системалык иш жүргүзүүсүн, таза иштөөсүн каалайт элек. Фонддун каражаты кайда жумшалып жатканын облустун эли билиши зарыл», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 536
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×