Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдук жаштар шаардын тарыхый архитектуралык көрүнүшүн сактоону сунушташты (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын жаштарынын демилгеси менен шаардын тарыхый имараттарын сактоо тууралуу жыйын болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. Ага мэриянын, облустук архив жана архитектура кызматынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, жаштар катышты.

Иш-чарада шаардагы 100 жылдан ашкан имараттардын абалы айтылып, алардын басымдуу бөлүгү бузулуп жатканын белгилешип, аларды сактап калуунун жолдору талкууланды.

Жаштардын айтымында, кылым турган имараттарды сактап, муундан муунга өткөрүү керек.

«Шаардын борбордук бөлүгүндө тарыхый мааниге ээ имараттар көп жайгашкан. Караколго 150 жыл болоруна саналуу гана жылдар калды. Биз мааракеге карата тарыхый имараттарды сактап, элге жеткирүүбүз керек», - деди жаштардын атынан сүйлөгөн Анастасия Стыценко.

Анын айтымында, жаштар бул маселе боюнча 3 багытта изилдөө жасашкан. Алар экология маселеси, мектептерге китептердин жетишсиздиги жана шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо боюнча изилдөө кылышкан. Жыйында жаштар архитектуралык абал боюнча жасалган иштери менен тааныштырышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 791
Көп окулду
×