Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдогу муз тебүүчү аянтчада балдар мушташып, бири бычактан жаракат алды

Turmush -  Каракол шаарында муз тебүүчү аянтчалардын биринде балдар мушташып, алардын бири бычактан жаракат алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгери, хирург Данияр Усөнбековдун айтымында, 28-январда саат 19:50 чамасында ооруканага жабырлануучу түшүп, ага саат 21:35ке чейин операция жасалган.

«Учурда анын абалы оор. Өпкөсүнүн сол жагынан жаракат алган. Кабыргалардын ортосундагы артерия жабыркап, бир кабыргасы сынган. Учурда дарыланып жатат», - деди дарыгер.

Маалым болгондой, Жаңы-Арык айылы менен Жолголот айылынын балдары чырдаша кетип, анын кесепетинен 1993-жылы туулган Урмат жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×