Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Жер кыртышы жоголуу алдында турат, - минералдык жер семирткичтин негиздөөчүсү Ю.Таширов

Turmush -  Жер кыртышы жоголуу алдында. Мындай пикирин «Кыргыз-Гумат» деп аталган органо-минералдык жер семирткичтин негиздөөчүсү Юсуп Таширов Ысык-Көлдүн дыйкандары менен болгон жолугушууда айтты.

Анын айтымында, учурда айыл чарба багытындагы жерлердин топурактары интенсивдүү деградация процесстерине чалдыгып, үстүңкү жер кыртышынын баалуу касиеттери төмөндөп бара жатат.

«Өзгөчө Нарын жана Ысык-Көл өрөөнүнүн дыйкандары жерге кайдыгер болуп, ага керектүү минералдык азыктарды колдонушпайт. Учурда дыйкандар бир өсүмдүктү бир жерге эле бир нече жыл эгип, топуракты жумшартуу иштерин жасабайт. Алар сугаруу ишин да туура эмес жүргүзөт. Негизи эңкейиш жерди туурасынан айдоо зарыл.

Учурда республикабыздын бардык аймагында айдоо аянттар менен жайыттардын кыртышы бузулуп бүткөн. Мисалы, Кыргызстанда 1,3 млн гектар айдоо жер бар. Анын 790 миң гектры эрозияга чалдыккан. Демек, келечекте 25-30 жыл ичинде биз айдоо аянттан да, жайыт жерден да айрылабыз. Биздин жерлер кургак, чөл жана сазга айланышы мүмкүн. Анын калыбына келиши узак убакытты жана тынымсыз процессти талап кылат. Маселен, айдоо жана сугат тууралуу эле айтсам, жерди күзүндө айдаш керек. Бул ыкма 20-25 күн сугат сууну кеч талап кылат, топурактын нымдуулугун көпкө сактайт», - деп билдирди Юсуп Таширов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1725
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×