Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдогу сууктан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө калың муз пайда болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн суу түтүктөрү тоңуп калды. Маалым болгондой, №6 жана №8 үйлөрдүн жашоочулары тиешелүү муниципалдык кызматтарга суу түтүктөрдө муз тоңуп калганын билдиришкен.

Мэрия аталган жерде адистер иштеп жатканын жана түтүктөр сууктан улам тоңуп калганын билдирди. Учурда көйгөйдүн кесепеттери жоюлуп жатат. Мындан тышкары, айрым батирлерде таза суу жок болууда.

Ошондой эле, А. Масалиев жана К. Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу чорго бузулуп, анын кесепетинен суу жолду каптап, музга айланды. Муниципалдык кызматтын кызматкерлери жеринде иштеп, көйгөйдүн кесепети жоюлду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1330
×