Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Меценат М.Исагалиев Ысык-Көл облустук ооруканасына реанимобиль алып берди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-январда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына тез жардам унаасы белекке берилди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тез жардам унааны меценат Мирлан Исагалиев белек кылды. Тапшыруу аземине өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар мэри Данияр Арпачиев жана дарыгерлер катышты.

«Ооруган адамдарга дарыгерлер тез медициналык жардам берип турсун деген ниет менен унааны тапшырып жатам. Менин апам, карындашым ооругандыктан мен оорунун түйшүгүн жакшы билем», - деп М.Исагалиев унаанын ачкычын оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаевге тапшырды.

У.Жылкыбаевдин айтымында, облуска жалпы 12 тез жардам унаасы жетишпейт.

«Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев менен сүйлөшүп жатабыз. Облуска жалпы 12 тез жардам унаасы керек. Алар алып берсе, калганын Ысык-Көлдү өнүктүрү фондунан алууну пландап жатабыз. Болжол менен 10 млн сомго жакын каражат жумшалат», - деди облус жетекчиси.

Буга чейин маалымдалгандай, 2017-жылдын 10-мартында Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылган. Анын курулушуна жергиликтүү тургун Мирлан Исагалиев 10 млн сом которгон.

Ал борборду ата-энесинин урматына курууну чечкен. Жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты, сууну тазалоочу система, 5 сыналгы, муздаткычтар орнотулган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, гемодиализ борбору 5 орунга ылайыкталган. Борбор шаардык оорукананын аймагында жайгашкан.

Курулуш 2016-жылдын июнь айында башталган. Борбордун имараты 40 тонналык 4 контейнерден курулуп, 60 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда регистратура, күтүү залы, 5 орундуу процедуралык зал, көмөкчү жай, медициналык кызматкерлер үчүн бөлмө жана санитардык түйүн орун алган.

Балыкчы шаарынын мэриясынын көмөктөшүүсү менен жылытуу системасы, электр энергиясы жана суу киргизилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы менен борборду кадрлар менен камсыз кылуу жана аларды окутуу маселеси чечилген. Шаардык ооруканадан 5 кызматкер бөлүнгөн.

Мындан тышкары, жеке ишкер М.Исагалиев тарабынан Талас шаарындагы Чолпон Мамбетов атындагы облустук биргелешкен ооруканасына Германиядан алынган реанимобиль тапшырылган.

М.Исагалиевдин айтымында, бул жардам эч кандай саясий көз карашты билдирбейт.

«Менин жакындарым ооруганда кыргыз медицинасынын техникалык абалы жетишсиз экенин көрүп, жардам берүүнү көздөп келгем. Эми ал кыялдарга жетип жатам. Буга чейин Балыкчыда гемодиализ борборун салдык. Тоң райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жардам кылдым. Эми Таласка жардам берүүнү көздөп, аракетин көрдүм. Бул жасаган ишимдин бары ата-энемдин сообуна багышталат. Элге жардам берсем, көңүлүм жазылып кубанып калам», - деген ал.

М.Исагалиевдин АКИpress агенттигине берген маеги

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4862
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×