Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Караколдук эки дзюдочу кыз Кыргызстандын биринчилигине катышат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын дзюдочу кыздары Бишкекте өтө турган Кыргызстандын биринчилигине катышат. Бул тууралуу Каракол шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин дзюдо боюнча машыктыруучусу, эл аралык класстагы спорт калысы Елена Исакова маалымдады.

Анын айтымында, биринчилик Бишкек шаарында 26-28-январь күндөрү 2001-2004-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында өтөт. Ага Нармухамедова Шахида жана Алмазова Сауле катышат.

Эки дзюдочу кыз буга чейин 2017-жылдын 14-16-декабрь күндөрү өткөн «Хан Манас» эл аралык турниринде байгелүү орундарды ээлешкен. Ш.Нармухамедова 78 кг салмакта күрөшүп, чет элден келген атаандаштарын жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ал эми С.Алмазова аталган турнирде 44 кг салмакта мелдешке түшүп, байгелүү үчүнчү орунду алган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 997
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×