Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдогу убактылуу баш калкалоочу жайда 50дөн ашык селсаяк жашап жатат

Turmush -  Каракол шаарындагы убактылуу баш калкалоочу жайда 50дөн ашык адам жашап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, баш калкалоочу жай Кызыл жарым ай уюмунун облустук өкүлчүлүгү тарабынан 2013-жылы уюштурулуп, ишмердигин жүргүзүп келет.

Убактылуу баш калкалоочу жай 20 кишиге ылайыкталып, эки кабаттуу керебеттер, суу жылытуучу аристон менен камсыздалган. Мында иштеген социалдык кызматкерлерди жана коммуналдык тейлөөнү каржылоо жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлөт. Убактылуу баш калкалоочу жайда быйылкы кышта 50дөн ашык адам жашап жатат. Өткөн жылдагы кышта 76 адам жашаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 435
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×