Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.01.2018 13:31

Караколдук дзюдочу Э.Акишева «Хан Манас» эл аралык турниринде 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын дзюдочусу Элмира Акишева «Хан Манас» VIII эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Каракол шаарынын балдар жана спорт мектебинин машыктыруучусу, эл аралык класстагы спорт калысы Елена Исакова билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 16-17-декабрь күндөрү өткөн турнирде Э.Акишева 70 кг салмакта күч сынашкан.

Э.Акишева бул жеңиши үчүн турнирдин алтын медалына жана дипломуна ээ болду. Ал Кыргызстандагы дзюдо боюнча мыкты спортчулардын катарында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×