Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдун бир көчөсүнө чек араны коргоодо каза болгон А.Барыкиндин ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Алиман Жангорозова атындагы жаңы конуштун бир көчөсүнө чек араны коргоодо каза болгон А.В.Барыкиндин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, А.В.Барыкин 2014-жылы Ак-Шыйрак чек ара бөлүмүндө чек араны бузуп кирген адамдар менен кармашуу учурунда каза болгон.

Ачылыш аземге чек арачылар, жашоочулар, маркумдун бир туугандары, шаардагы ар улуттун өкүлдөрү, шаардык депутаттар, шаардык кеңештин төрагасы Э.Айсаракунов, мэр Д.Арпачиев катышты.

Анда А.В.Барыкиндин эрдигине таазим кылынып, бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Сөз сүйлөгөндөр мекенин коргоп, каза болгон Барыкиндин баатырлыгын эскеришти. Ысымы жазылган тактаны шаар мэри жана шаардык кеңештин төрагасы расмий ачып, замандаш, достору ага арнаган ырларын окуп беришти.

«Мен үчүн агам дайыма абройлуу адам эле. Ал мага дайым кеңешин берчү. Мекенди сүйүүнү, ата-энени сыйлоону үйрөтчү. Биз 4 бир тууганбыз. Александр улуусу, мен кичүүсү болом. Анын атын өчүрбөй, ысымын көчөгө ыйгарып бергениңерге чоң рахмат. Арбагы ыраазы болсун. Өзүнүн бир уул, бир кызы калды», - дейт бир тууган иниси Сергей Барыкин.

Ал эми шаар мэри Д.Арпачиев өз сөзүндө аталган көчөгө электр энергиясы тартылганын, көпүрөлөрү оңдолгонун айтып, дагы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер жүрөрүн билдирди.

А.Барыкин 1951-жылы Түп районунда туулган. Мектепти аяктагандан кийин аскерде кызмат кылган. 1973-жылы Иркутск айыл чарба институтуна тапшырып, 1977-жылы биолог-охотовед кесибине ээ болуп, кайрадан мекенине кайткан.

Облустук аңчылар жана балыкчылар коомунда иштеп, өмүрүн акырына чейин иш үстүндө болгон. 2014-жылдын 23-январында Ак-Шыйрак чек ара бөлүмүндө 40 чакырым алыстагы жерде чек араны бузган 11 адамды көрүп, чек ара кызматына кабарлоого жетишкен. Андан кийин алар менен кармашуу маалында каза болгон.

Окуя тууралуу

2014-жылдын 23-январында «Ак-Шыйрак» чек ара кызмат бөлүмүнүн чек арачыларына «Пикертык» жылынуучу жайынын аймагында 11 адамдан турган белгисиз топ байкалгандыгы туурасында маалымат түшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, аңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкин аңчылык лагерине кайтып келе жатып белгисиз адамдарга жолугуп, аларды «Пикертык» жылынуучу жайына туткундоо аракетин көргөн. Кылмышкерлер А.В. Барыкинди өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан. Кармаш учурунда А.В. Барыкин кылмышкерлердин экөөсүн өзүнүн куралынан атып өлтүрүүгө жетишкен.

Окуя болгон жерге чек арачылар келишкенде, кылмышкерлер чек арачыларга ок чыгарышкан. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан «Пикертык» жылынуучу жайында кылмыштуу топ чек арачылар тарабынан курчоого алынган. Кылмыштуу топтун байкалгандыгы жана алар курчоого алыгандыгы тууралуу чек ара өкүлчүлүктөрүнүн байланышы аркылуу кытай тарап дароо маалымдалган.

Чек арачылардын багынгыла деген талабына кылмышкерлер баш ийген эмес. Андан соң атайы операциянын жүрүшүндө Ысык-Көл чек ара кошуунунун чек ара кезметине куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топ башка күч тутумдардан кошумча аскер бөлүктөрү тартылбастан Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан ликвидацияланган. Башка күч тутумдардын атайы даярдыктагы топтору аба-ырайынын шартына байланыштуу окуя болгон жерге өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасынан бир чек арачы жеңил жаракат алган. Райондун борборуна аңчылык лагеринде калган АКШнын жараны Уортер Роджер Эдворт, ошондой эле каза тапкан Барыкиндин денеси алынып келинген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 998
×