Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Каракол шаары таштанды таштоочу жай үчүн жылына 450 миң сом төлөп баштайт, - мэрия

Turmush -  Каракол шаары таштанды таштоочу жайдын ижара акысына жылына 450 миң сом төлөй баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаары 5 гектар жерди Кара-Жал айыл аймагынан ижарага алып, таштанды таштоочу жай катары колдонуп келет. Ага жыл сайын 390 миң сом ижара акысын төлөчү. Быйыл анын баасын жогорулатып берүү боюнча аталган аймактын кеңеши кайрылган.

Кайрылууну Каракол шаардык кеңешинин комиссиялары карап чыгып, ижара акысына 60 миң сом кошуп, бир жылда 450 миң сом төлөп берүү чечилди. Бул маселе январь айынын аягында болуучу сессияда каралып, так баасы бекитилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 732
×