Turmush — Каракол шаарынын тургуну Эльза Тюрегелдиева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан [көзүнүн көрүүсү начар] паннолорду, портреттерди колго токуп келет. Уз менен аймактык кабарчы маек курду.
Эльза Тюрегелдиева 1975-жылы 4-июлда Жети-Өгүз районун Кызыл-Суу айылында туулган.
«Сүрөткө кол эмгекке болгон кызыгуум кичинемден эле башталыптыр. Мектепте окуп баштаганда 2-классыман тарта сүрөт тартып, колго керектүү буюмдарды жасап баштадым. Эсимде апам колго туш кийиз сайып олтурчу. Ага бир көрсөтүп, бир көрсөтпөй жиптерин алып алчу элем. Алар менен буюмдарды жасап, мектептеги көргөзмөлөргө катышып, кол эмгек сабагында буюмдарды жасачумун.
Айылдагы А.Макаренко мектебин 1992-жылы аяктагандан кийин Бишкек шаарында С.А.Чуйков атындагы окуу жайга билим алууга тапшыргам. Бирок арадан 1 жыл өткөндөн кийин апам кайтыш болуп калып, кайра окууну таштап айылга келдим. Үй-бүлөдө сиңдим экөөбүз гана болчубуз. Бирок тилекке каршы сиңдим дагы 2018-жылы каза болуп калган», - дейт ал.
Эльза айым 21 жашында ушул эле райондун Светлая Поляна айылына турмушка чыккан. Учурда жолдошу экөө 6 баланы тарбиялап келет.
«Жолдошум экөөбүз 4 баланын ата-энеси болобуз. Анан сиңдим каза болгондо 2 кызын асырап алганбыз. Негизи өзүбүз Кызыл-Суу айылында батирде турчубуз. Учурда Каракол шаарына көчүп келип, батирде жашап атабыз. Үйүбүз жок болгондуктан башында сиңдимдин кыздарын мага бербей балдар үйүнө алып коюшкан. Учурда кудайыма шүгүр, кыздарды бизге асыроого берди. Жалгыз сиңдимден калган 2 кызым жаныбызда», - дейт Эльза айым.
Эльза айымдын көзүнүн көрүүсү -8 чейин жетип, 6 жыл мурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген боюнча катоого алынган. Ага карабастан кол өнөрчүлүк менен алектенип, портреттерди панно кылып жасап келет.
«Негизи иштеген адам олтура албайт экен. Көзүм кол өнөрчүлүк менен алектенгенде бузулуп атат деп олтура албадым. Бошогон кезде паннолорду жасап жатам. Гобелен ыкмасы менен алгач жип менен материалга сүрөттөрдү түшүрүп, анан баарын тегиз кыркып чыгам. Артына материал каптап, четтерине чачыла тагылат. 7 аке Оргочор айылындагы музейде турат. Район жетекчилиги эмгегимди көрүп, сатып алып музейге коюшкан. Учурда эмгегим музейде меникиндей эмгектердин катарында турганын көрүп кубандым. Ошондой эле И.Раззаковдун портретин жасагам. Анын эмгегин өзү туулуп өскөн районунда өтүүчү мааракесине алып кетишкен. Боронбай бийдин, Насирдин Исанов, Жусуп Абдрахмановдун жана башка кыргыз элинин тарыхын жаратуучулардын портреттерин, өлкөнүн символикаларын, жан-жаныбарларды панного түшүрдүм», - дейт ал.
Эльза айым президенттин атасы Нургожо Жапаровдун портретин жасап чыккан.
«Кыргыз санжырасын келечекке жеткирүүгө салым кошкон Нургожо атанын сүрөтүн да түшүрдүм. Мен ага чейин улуу инсандарды жасап келчүмүн анан ушундай уулду кыргыз элине тарбиялап чоңойткон журт атасын да жасайын деген дем келди. Айлардын улугу орозо айында ажобуз жеке өзүнө бул белегимди тапшыргым келет», - деп сөзүн жыйынтыктады.
Панно — монументалдык искусствонун түрү. Декоративдик мүнөздөгү живопистик чыгарма, адатта дубалдын (дубал панно) же шыптын (плафон) кайсы бир бөлүгүн толтурууга арналган.
Гобелен — декоративдик искусствонун бир түрү. Сюжеттик же оюм-чийим композициясы бар болуп, жиптерди кайчылаш өрүү менен кол менен токулган түксүз килем. Токуучу токуучу жипти негиз аркылуу өткөрүп, сүрөттү да, кездеменин өзүн да жаратат. Энциклопедиялык сөздүктө гобелен "кол менен токулган килем, анда түстүү жүн жана жарым-жартылай жибек менен аздыр-көптүр белгилүү сүрөтчүнүн сүрөтү жана атайын даярдалган картону чагылдырылган" деп аныкталат.